Биз менен байланышыңыз

Фонд: Жапаровго берилген унаанын Усубалиевге тиешеси жок

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 1603 | 0

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин аты менен түзүлгөн коомдук фонд Усубалиевдин жеке унаасы болбогонун билдирди. Фонд бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Усубалиевдин атына эч кандай техникалык каражат катталган эмес. Ошондой эле ошол кездеги саясаттан улам жогорку кызматтагы адамдарга мындай белектердин берилиши мүмкүн эмес болгон. Берилген күндө да Атайын кызматтын жана партиянын көз жаздымында калмак эмес, — деп жазат фонд.

Мындан сырткары, Жапаровго берилген унаанын Усубалиевге тиешеси жок экенин расмий билдиришти.

Президент Садыр Жапаровго Кочкор районунун тургуну Турдакун Усубалиевдин автомашинасын белекке бергенин социалдык тармак аркылуу айткан. Аны менен Жапаровдун унаанын алдында түшкөн сүрөтү тараган.

Садыр Жапаров телеграммдагы каналы аркылуу Турдакун Усубалиевдин автоунаасын алган сыймык экенин, аны музейге тапшырарын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM