Биз менен байланышыңыз

Президент кезектеги жарлыктарга кол койду

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 1076 | 0

Президент Садыр Жапаров кезектеги жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кол койгон Жарлыктар төмөнкүлөр:

«Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча  кечиктирилгис чаралар жөнүндө»

«Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө»

«Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө»

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө»

«Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө»

Саламаттыкты сактоо тутумун жакшыртуу, өлкөнүн финансы рыногун жолго салуу, агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү, мыйзамдарды кайра карап чыгуу жана санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү максатында кабыл алынган Жарлыктардан келип чыккан милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү өкмөткө сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM