Биз менен байланышыңыз

Жаңы Конституцияда ыйгарым укуктар кандай бөлүштүрүлдү?

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 467 | 0

Жаңы Башмыйзам президенттик башкарууга ылайыкталып жазылды. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын жаңы долбоорунда ыйгарым укуктар бийлик бутактарынын функцияларына жараша бөлүштүрүлдү.

Президенттин фукциясы көп. Анткени ал мамлекетти башкарып, аткаруу бийлигин жетектеп, Конституциянын, адам укуктарынын кепили болуп жатат. Мындан башка да куралдуу күчтөрдүн башчысы деген сыяктуу 5-6 функциясы бар.

Ал эми Жогорку Кеңеш — жогорку өкүлчүлүк жана мыйзам чыгаруучу орган. Тагыраагы, мыйзамдарды көзөмөлдөйт. Демек, парламенттин 3 функциясы бар. Мындан улам ыйгарым укуктардын көп бөлүгү президентке ыйгарылды. Ошого жараша президенттин жоопкерчилиги да кеңири жазылды.

«Мамлекеттик бийликтин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү маселесине көп кайрылдык. Секцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик аппараттын өкүлү катышып отурду. Натыйжада, бийликтин чыныгы жүзүн көрдүк, ар ким өзүнө ыйгарым укукту көп алууга аракет кылат экен. Талаштар болду», — дейт Бөрүбашев.

Ал белгилегенлей, Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча парламент депутаттарынын мандатын чакыртып алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM