Connect with us

Балбак Түлөбаев кызматынан кеткени айтылууда

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1846 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кеткени айтылууда. Бул тууралуу бир нече жеке булактар тастыктады.

Түлөбаевдин кызматтан кетүү себеби азырынча белгисиз. Ал бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин жыйынына катышкан. Анда шаар депутаттары Балбак Түлөбаевдин кадр саясатында алешемдиктер кеткенин сындаган болчу.

Түлөбаев буга чейин Бишкек мэриясында аппарат жетекчи болгон, өткөн жылдагы октябрь окуяларынан соң ал шаардын мэринин милдетин убактылуу аткарып турган.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэри шаардык кеңеш тарабынан шайланат же өкмөт башчы тарабынан сунушталат. Бишкектин мэрин шайлоо ушул жылдын апрель айына белгиленген болчу.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM