Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Мариповго бир катар сунуштарды берди

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1095 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда экономиканы калыбына келтирүү үчүн кризиске каршы кечиктирилгис чараларды, коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү чараларын кабыл алуу маселелери, өлкөнү кыска мөөнөттө өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары менен экономикадагы негизги түзүмдүк реформалар талкууланды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө экономикалык кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн Өкмөттүн антикризистик планын тез арада иштеп чыгуу, ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо, жеке сектор менен инвесторлорду колдоого алуу, инвестициялык климат түзүү, бюрократияны мүмкүн болушунча азайтуу, коронавирус менен күрөшүүдө каражаттарды максаттуу, ачык пайдалануу сунушун берди.

Мындан сырткары, мамлекет башчысы орто мөөнөттүү мезгилге негизги реформалардын пакети менен өлкөнү өнүктүрүүнүн кризистен кийинки программасын даярдоо процессин эртерээк баштоо зарылдыгына көңүл бурду.

Премьер-министр Улукбек Марипов учурда өкмөт мамлекет башчынын алгачкы беш жарлыгында белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, өлкөдөгү бизнес секторун, инвесторлорду жана ишкердикти колдоо боюнча бир катар өкмөттүк чечимдер иштелип жатканын айтты.

Мындан тышкары өкмөттүн жаңы түзүмүн эске алуу менен алардын ишмердүүлүгүн адаптациялоо үчүн аткаруу бийлигинин ишине талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.

Ошону менен бирге премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана антикризистик чараларды тезинен кабыл алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Copyright © 2017 Maral FM