Биз менен байланышыңыз

Ошто «Жаш мугалим-2020» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 847 | 0

Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демилгеси менен өткөн жылы уюштурулган «Жаш мугалим – 2020» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жаш мугалимдердин арасынан суурулуп чыгып, сынактын буга чейинки баскычтарынан өтүп келген финалисттер жобонун негизинде стажы 3 жылдан өтпөгөн билим берүү кызматкерлеринин арасынан тандалган.

Алар Ош шаарындагы мектептердеги башталгыч класс мугалимдери Акбермет Маатова, Айжаңыл Сатбалдиева, Жаңылмырза Асан кызы, орус тили жана адабияты мугалими Нурзат Ташполот кызы, дене тарбия мугалими Шерболот Жаныбек уулу, информатик Шайназар Нурали уулу жана биология мугалими Истанбек Азилбек уулу.

«Жаш мугалим – 2020» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Ош гуманитардык педагогикалык институтунда уюштурулуп, финалисттер Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин мактоо баракчалары, китеп түрүндөгү белектери, акчалай сыйлыктары, Жогорку Кеңештин ыраазылык баракчалары, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамоталары, ошондой эле аталган институттун ректору Бекмурза Зулуев тарабынан да китеп түрүндөгү белектер менен сыйланышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM