Биз менен байланышыңыз

Молдокасымов: Арстанбек Буйлаш уулу тууралуу жаңы маалымат таптым

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2021 | 1030 | 0

Тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов «Маралга» берген маегинде XIX кылымда жашап өткөн кыргыздын чыгаан акыны, комузчусу жана ойчулу Арстанбек Буйлаш уулу тууралуу жаңы маалымат тапканын билдирди.

Анын айтымында, Арстанбек Буйлаш уулу буга чейин акын катары белгилүү эле. Бирок ал өз мезгилинде бий болуп турганы боюнча да маалыматтар бар.

«Анын мөөрүнүн сүрөтү архивимден чыкты. Кээде убакытты үнөмдөө үчүн материалдар менен толук таанышпай эле көчүрмөсүн аласың. Ошондой көчүрмөлөр көп эле. Манасчылардын алпы, даңазалуу манасчыларды тарбиялаган Тыныбек Жапый уулу жөнүндө да маалымат бар экен. Архивден алып, Тыныбектин өз доорунда бий болуп турганы жөнүндө кызыктуу маалыматтарды жарыяладым», — дейт тарыхчы.

Молдокасымов белгилегендей, кыргыздын чыгаан инсандары тууралуу буга чейин бир да архивдик документтерге изилдөө жүргүзүлгөн эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM