Биз менен байланышыңыз

Ийгиликтүү адамдын 10 мыкты сапаты

Блог | 9 Фев 2021 | 1635 | 1

Ийгиликтүү адамдын мыкты 10 сапаты:

  1. Ал адам мүмкүнчүлүктү издейт

Ийгиликсиз адам айрым майда тоскоолдуктарды шылтоолоп, бүгүн жасай турган ишин эртеңкиге калтырат. Мисалы, ийгиликтүү адам акча табууга мүмкүнчүлүк издейт, акчаны кантип башкаруу, топтоо боюнча сабаттуулугун жоёт, билимин арттырат. Тапкан кирешесинен да киреше табуу жолун издейт. Ийгиликсиз адам бул өлкөдө жумуш табуу кыйын экенине шылтап, табылса да айлыгы жарытпасын айтып отура берет. Демек, куру сөздөн качып, ишке, аракетке өтөлү…

  1. Ийгиликтүү адам аракет кылат

Ийгиликсиз адам кийинкиге калтырат. Ийгиликтүү адам корксо да, аракет кылат. Ийгиликсиз адам: «Үйрөнүп жатам, же сураштырып жатам», — деп, ыңгайлуу учурду күтүп отура берет. Ал учур таптакыр келбей коюшу да мүмкүн.

  1. Ийгиликтүү адам өзүнө талап коё билет

Ийгиликтүү адам өзүнө максималдуу талаптарды, татаал тапшырмаларды коёт. Жолу болбой калса да, «Кийинкиде сөзсүз ишке ашат», — деп, өзүнө ишеним артат. Ийгиликсиз адам: «Эмне кереги бар? Ушул деле жетет, ушул деле болот», — деп отура берет.

  1. Ийгиликтүү адам жыгылса, кайра тура алат

Ийгиликсиз адам кайра тура албай калуудан коркуп жашайт. Жыгылып калса, аракетин токтотот. Атактуу адамдардын өмүр баяндарын окусак, аябай көп тоскоолдуктарды басып өткөнү баяндалат. Бир нече жоготууларга туш болгону, ошентип отуруп, акыры максатына жеткени, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү, атактуу, же бай адамга айланганы жазылат. Демек, ийгиликке жетүү үчүн тоскоолдуктарды басып өтүп, анын баарын жеңип чыгуу керек.

  1. Ийгиликтүү адам өзүнө өзү дем бере алат

Ийгиктүү адам жакшы ойлор менен жашайт. Ишине болгон кызыгуусун далилдөө үчүн болгон күчүн жумшайт, иши менен далилдейт. Ийгиликсиз адам ар дайым башкалардын мактоосуна, колдоосуна сүйөнүп жашайт. Күтүүсүз жагдайга кабылса, күнөөнү өзүнөн эмес, башкалардан издейт.

  1. Ийгиликтүү адам тобокелчил келет

Жашоо биз ойлогондой эмес. Ал ар дайым ар кандай окуяларга туш кылат. Ийгилик издеген адам баарына даяр болуп, жакшы болсо да, жаман болсо да, тобокелге барат.

  1. Ийгиликтүү адам сабырдуу болот

Ийгиликтүү адам максатты көздөй узак жол басууга даяр болот, кыйынчылыктарды чыдамкайлык менен жеңет. «Сабырдын түбү сары алтын» деген сөздүн маанисин жакшы түшүнөт. Ийгиликсиз адам: «Баары жомоктогудай көз ачып жумганча болуп калса», — деп кыялданат. Акылман адам 1% талант, 99% эмгек керек экендигин унутпайт.

  1. Ийгиликтүү адам коркпойт

Ийгиликтүү адам жок деген сөздү угуудан тажабайт, эмоцияга алдырбайт. Жашоодогу канчалаган ыңгайсыз суроолорго жооп, алдыда турган тоскоолдуктардан өтүүгө жол таап, тажрыйбалуу боло билсеңиз, мына ошондо эң ийгиликтүү адамга айланасыз. Эң биринчи кезекте адам өзүн өзү жеңе билсе, анда башка кыйынчылыктар ага коркунучтуу сезилбейт.

  1. Ийгиликтүү адам өзүнө ишенет

Өзгөрүүнү алгач өзүнөн баштайт. Ийгиликтүү адам аталуу үчүн билимине, эмгегине таянат. Инсандык өнүгүүсүн, билим алуусун күндөн күнгө көбөйтөт. Ийгиликсиз адам башкаларга көбүрөөк ишенет, ар кимдин сөзүн угат, жеке позициясы жок болот.

  1. Ийгиликтүү адам максатын көздөй жөнөйт

Алдыга койгон максатты, татыктуу жашоону көздөй так жана ишенимдүү жөнөйт. Атайын бизнес пландарды, долбоорлорду түзөт. Ийгиликсиздер майда-барат кыялдар менен алек болот. Тарыхка көз чаптырсак деле, ийгиликтүү адамдар бир караганда ишке ашпоочудай көрүнгөн идеяларды максатка айлантып, аны жүзөгө ашырган. Алгач аны ишке ашырууга мүкүнчүлүгү абдан аз болчу. «Кыбыраган кыр ашат» деген элдик накыл жөн жерден айтылбаса керек. Ийгиликтүү адам коомго, үй-бүлөсүнө өрнөк болуп жашоо үчүн күн сайын умтулат.

1 пикир

1 пикир

  1. Жаркынай

    09.02.2021 18:48

    👍👍👍👍👍👍👍

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM