Бүгүн, 7-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан «Fiх Рrice» дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм жана 1 автошаты тартылган. Мындан тышкары саат 09:10до Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМден 2 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.
Дүкөндөн чыккан өрт саат 09:19да чектөөгө алынып, саат 09:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда келип чыгуу себептери такталууда.