Биз менен байланышыңыз

Франциядагы жарылуудан үч адам жаракат алды, эки адам дайынсыз жоголду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 669 | 0

Франциянын Бордо шаарындагы турак үйдөн чыккан жарылуудан үч адам жаракат алып, эки адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу «Sud Ouest» басылмасынын журналисти жеринен кабарлады.

Маалыматтарга ылайык, Шартон кварталындагы көп кабаттуу турак үйдүн үстүңкү кабатындагы батирлердин биринен газ жарылган. Мунун кесепетинен имараттын айрым үйлөрү жашоого жараксыз болуп калган.

Учурда кырсык болгон жерде укук коргоо органдары жана куткаруу кызматы иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM