Биз менен байланышыңыз

Президент интернетте тараган жалган маалыматтар боюнча кайрылуу жасады

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 1100 | 0

Президент Садыр Жапаров «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу Өкмөттүн структуралык өзгөрүүлөрү, ирилештирүү саясаты боюнча жалган маалыматтар таратылып жатканын билдирди.

Анын билдирүүсүндө социалдык түйүндөрдө «фейк» аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышканы айтылат.

Жапаров мисал катары Каржы полициясынын Ички иштер министрлигине, Миграция кызматынын Саламаттык сактоо министрлигине кошула тургандыгы талкуу жаратып жаткандыгын айткан.

Мындан тышкары, Өкмөт чечим кабыл алып, расмий билдирүү таратмайынча ишенбөөгө чакырды.

Төмөндө Жапаровдун кайрылуусу толук берилди: 

Кыргызстандыктар!

Соц түйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат.

Кээ бир ою бузук сайттар, журналисттер да бар. Мисалы, Каржы полициясы Ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты.

Өкмөт чечим кабыл алып, официалдуу түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер. Ар бир жасалып жаткан ишибиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болот. Айрым иштердин жыйынтыгы үч айдан беш айга чейин жемишин берет.

Ошондуктан ар бир жасалган кадамды сындаардан мурда, жыйынтыгын күткүлө, урматтуу сынчылар. Жыйынтыгы элдин, мамлекеттин пайдасына чыкканда өзүңөр эле уят болуп каласыңар.

Мурдакыдай бир топтун кызыкчылыгы үчүн жасалчу иштерди түп-тамырынан жок кылдык.

Copyright © 2017 Maral FM