Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Коронавирустун жайылышы басаңдады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 580 | 0

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму коронавирустун жугушу жана жайылышы уламдан улам басаңдап баратканын белгиледи. Бул тууралуу ДССУнун эксперти Мария ван Керховен брифингде билдирди.

«Биз инфекция жугузгандар күндөн күнгө азайып баратканын көрүп жатабыз. Бул — чындыгында, жакшы жаңылык. Бул — бир катар факторлорго жана биринчи кезекте өлкөлөрдөгү вирус таралуу чынжырчаларын үзгөнүбүзгө байланыштуу», — деди ал.

Анын айтымында, калкты инфекциядан коргоо үчүн кабыл алынган зарыл чаралар, медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана эмдөө кампаниясы боюнча мамлекеттин иш-аракеттери да маанилүү роль ойнойт.

Керховен оорулардын саны азайып бараткан өлкөлөрдү пандемияга каршы күрөшүү чараларын улантууга үндөдү. Анын айтымында, алар азыр оор баскычтан өтүп жатышат.

Эксперт белгилегендей, адамдар да тиешелүү социалдык аралыкты сактоосу керек, беткап кийип, колду таза кармашы керек, имараттын ичин желдетип, эл көп чогулган жерлерден алыс болушу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM