Биз менен байланышыңыз

Кийинки пандемияга алып келиши мүмкүн болгон «Нипах» вирусунун 11 белгиси

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 2277 | 0

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму дүйнөдө экинчи пандемия болушу ыктымал деп билдирди. Пандемия «Nipah» вирусунан же «NiVден» болушу мүмкүн.

«Nipah» вирусу алгач 1999-жылы Малайзияда Нипах дарыясынын жээгин жердеген чочко багуучулардан аныкталган. Андан бери Түштүк Азиянын 12 өлкөсүнө жайылган. Бул дарт — симптомсуз инфекциядан курч респиратордук инфекцияга (жеңилден оорго) чейин жана өлүмгө алып келген энцефалитке чейинки клиникалык көрүнүштөргө ээ.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун берген маалыматы боюнча, оору башталганда бейтаптарда төмөнкүдөй белгилер пайда болот:

1. Дене табынын көтөрүлүшү;

2. Баш оору;

3. Булчуңдардын оорушу;

4. Жүрөк айлануу;

5. Тамак оору;

6. Баш айлануу;

7. Уйку келип, шалдыроо;

8. Когнитивдик бузулуу;

9. Курч энцефалитти көрсөтүүчү неврологиялык белгилер;

10. Айрым адамдарда SARS жана катуу дем алуу көйгөйлөрү, анын ичинде курч респиратордук стресс синдрому пайда болушу мүмкүн;

11. Оор учурларда энцефалит жана конвульсиялар өөрчүп, 24-48 сааттын ичинде комага алып келет.

Инфекциядан симптомдордун башталышына чейинки убакыт 4төн 14 күнгө чейин деп эсептешет. Бирок, 45 күндүк инкубациялык мезгил да болушу ыктымал.

Курч энцефалиттен адамдардын көпчүлүгү толук сакайып кетишкени менен, неврологиялык кесепеттери узак убакытка сакталып кала берет. Тагыраагы, айыккандардын болжол менен 20%ын талма жана жеңил когнитивдик бузулуу сыяктуу неврологиялык оорулар көпкө чейин коштоп жүрөт.

«Нипах» вирусу жөнүндө негизги фактылар:

1. «Нипах» — зооноздук вирус, тагыраагы, адамга жаныбардан жугат, ошондой эле булганган тамак-аш аркылуу же түздөн-түз адамдан адамга жугушу мүмкүн.

2. «Нипах» вирусун жуктуруу — симптомсуз инфекциядан курч респиратордук инфекцияга (жеңилден оорго чейин) жана өлүмгө алып келген энцефалитке чейинки ар кандай клиникалык көрүнүштөргө ээ.

3. Ооруга чалдыккандардын 40-75%ы каза табат. Бул көрсөткүч байкоо жүргүзүү жана клиникалык башкаруу боюнча жергиликтүү мүмкүнчүлүктөргө жараша ар кандай болушу мүмкүн.

4. Вирусту табигый алып жүрүүчүлөр болуп, чочко жана жарганаттын түлкү сымал деп аталган түрү эсептелет. Айрыкча, түлкү сымал жарганат жакшы көргөн мөмө-жемишти жегенден этият болууну эскертишет дарыгерлер.

5. Бул илдетке азырынча дары же вакцина табыла элек.

6. Адамдар үчүн негизги дарылоо симптоматикалык терапия болуп саналат.

7. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму илимий-изилдөө программасынын негизинде бейтаптардын тизмесин жыл сайын карап туруу, «Нипах» үчүн тез арада изилдөө иштерин жүргүзүүнү талап кылып келет.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун айтымында, вирус адамдар тургай, чочко сыяктуу жаныбарлардын да катуу ылаңдашына алып келиши мүмкүн.

«Нипах» Азияда белгилүү болгон оорулардын саналуу гана түрлөрүн жаратканына карабастан, ал көп сандаган жаныбарга жугуп, андан адамга тарап, катуу ооруга жана өлүмгө алып келип, аны коомдук саламаттыкты сактоонун башкы көйгөйүнө айландырды.

Эскертек кетсек, быйыл 26-январда Жулия Коллев «The Guardian» гезитине «Фармацевтикалык гиганттар кийинки пандемияга даяр эмес» деген макала жарыялап, анда «Нипах» вирусу жөнүндө айткан.

Коллев коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүү чараларын күчөткөнүнө карабастан, дүйнөдөгү ири фармацевтикалык компаниялар кийинки пандемияга даяр эмес экендигин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM