Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө алгачкы жолу адамдын бети-колун алмаштырган операция жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 461 | 0

АКШнын Нью-Йорк штатында адамдын жүзүн жана колун алмаштырган операция жасалды. Бул дүйнөдө алгачкы жолу жасалган жана ийгиликтүү аяктаган операция болгонун айтышты иликтөөчүлөр.

2018-жылдын август айында түнкү нөөмөттөн үйүнө кайтып бараткан 22 жаштагы Жо Димео көзү илинип кеткендиктен кырсыкка учурап, унаасы өрттөнүп кеткен. Мунун кесепетинен айдоочунун денесинин дээрлик 80%ы күйүккө чалдыккан. Дароо ооруканага жеткирилип, операция столунда 23 саат жаткан. Бейтапты аман алып калуу үчүн 140 медициналык кызматкерден турган топ дээрлик бир суткага жакын тынымсыз иштеген. Өрттүн кесепетинен Жо Димеонун эки колунун манжалары кесилип, бет түзүлүшү адам тааныгыс абалга келип калган.

Операциядан кийин бейтап күйүк жана жараат бөлүмүндө 4 ай бою жасалма комада жаткан. Андан кийин да 20дан ашык операция жасалганы менен, бети-колу калыбына келген эмес.

Дарыгерлер: «Жонун бети-колу калыбына келип, дене мүчөлөрү баштапкы абалында иштесе», — деген тилек кылып келишкен. Эки жылдан ашуун изденүүнүн натыйжасында бул трансплантациялык операция донордун жардамы менен ийгиликтүү ишке ашырылды.

Чоң операциядан кийин Жо Димео 45 күн интенсивдүү терапия бөлүмүндө, дагы 2 ай ооруканада жаткан. Баарын башынан баштаган жигит учурда өз алдынча кыймылдоого жарап калганын кабарлайт көзөмөлдөөчү врачтар. Дарыгер Родригес Жо Димео күн сайын 5 саат бою физиотерапия менен алектенип жатканын айтып, аны эң тырышчаак бейтап деп белгилеген.

Белгилей кетсек, бул адамдын бети-колун алмаштыруу боюнча ийгиликтүү аяктаган дүйнөдөгү алгачкы операция болду. Буга чейин дарыгерлердин эки жолку аракети ийгиликсиз аяктаган болчу. Бейтаптардын бири көз жумса, экинчи бейтаптын жаңы колу кыймылга келбегендиктен, кайрадан кесилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM