Биз менен байланышыңыз

Баткендин тургундары суу сактагыч маселеси боюнча митингге чыгышты

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 458 | 0

Бүгүн Баткен шаарынын тургундары Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча такталбаган маалыматтын айтылганынан улам митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Санжар Абдинаби уулу кабарлады.

Анын айтымында, Баткендин тургундары премьер-министрдин «Төрт-Гүл суу сактагычына суу куйган каналдын башын алдырып жибериптирбиз» — деген сөзүнө түшүндүрмө берүүсүн, маалыматты тактоосун талап кылууда. Аларды Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кабыл алып, жолугушту.

Митингге 250дөй адам чогулган.

Белгилей кетсек, кечээ 4-февралда кыргыз өкмөтү премьер-министр Улукбек Мариповдун Баткендеги суу каналы тууралуу айткан сөзүнө түшүндүрмө берди. Анда өкмөт башчы 1991-жылы кол коюлган келишимдеги суу ресурстарын бөлүштүрүүдөгү көйгөйдү айтканы жазылган.

— Аны менен бирге кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча атайын өкүлү маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү укук талаасында жүргүзүп жатат. Баса белгилеп айтчу нерсе, Төрт-Гүл суу сактагычы жана ага куйган каналдар Кыргызстанга карайт. Республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналат, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскертсек, премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында «Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын баш жагы берилип кетиптир», — деген пикирин айткан болчу.

Төрт-Гүл суу сактагычынын көлөмү 90 млн кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Бүгүнкү күндө ал Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM