Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин кармалганы айтылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына шилтеме берип жазды.
Маалыматта: «Коррупцияга шектүү деген билдирүү АКС УКМКнын тергөөчүсү тарабынан берилген. Кошумчалагандай, тергөө Жумалиевди эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алууну суранып жатат», — деп айтылат.
Эске салсак, буга чейин Финпол депутат Жумалиевдин эки уулун текшерген болчу.