Ализа Солтонбекова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Ализа Солтонбекова 2020-жылдын 26-ноябрында ошол кезде президенттин милдетин аткарган спикер Талант Мамытовдун буйругу менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган. Солтонбекова министр кызматында дээрлик үч ай иштеди.
Ализа Солтонбекова 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген.
3-февралда Улукбек Мариповдун өкмөтү бекитилип, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтери бириктирилди.