Биз менен байланышыңыз

Улуу Британиянын ханышасы Садыр Жапаровду куттуктады

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 421 | 0

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты жазды.

«Сизди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге жана Кыргызстан элине бардык жакшылыктарды каалайм. Эки өлкө ортосундагы байланыштар мындан ары да өнүгүп, бекемделе берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM