Биз менен байланышыңыз

УКМК кызматкерлери үчүн көп кабаттуу 6 үй салынат

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 555 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн үй салууга тендер жарыяланды. Бул маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.

Маалым болгондой, УКМК кызматкерлери үчүн ар бири 9 кабаттан турган, турмуш-тиричиликке ыңгайлуу 6 үй курулат. Курулуш компанияларына жарыяланган тендер ушул жылдын 25-февралында аяктайт. Үй салууга 580 млн 935 миң сом бөлүнгөн.

Манас проспектисине курула турган бул турак-жайды 2022-жылдын август айында бүтүрүп берүүсү керектиги да белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM