Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын алтын-валюта резерви 2,8 млрд долларга жетти

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 674 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Тараптар банк секторунун 2020-жылдагы ишинин алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле 2021-жылга карата пландарын талкуулашты.

Толкунбек Абдыгуловдун маалыматына караганда, 2020-жыл кыйынчылыктарга карабастан, ата мекендик каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады. Алсак:

-Улуттук банк инфляциянын орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрүн 5-7%дын тегерегинде кармай алды;

-банк секторунда оң көрсөткүчтөр сакталды: насыялык портфель 11%га көбөйдү (162,6 млрд сомду түздү), банктагы депозиттер 19,9%га өстү (180,9 млрд сомду түздү);

-депозиттерди долларлаштыруунун деңгээли 42,9%ды түздү, насыяларды долларлаштыруу 32,9%ды түздү;

-алтын-валюта резерви 384 млн долларга өсүп, жыл соңунда 2 млрд 808 млн долларды түздү. Бул келечектеги 6 айлык импортту жабат;

-Улуттук банктын кирешеси рекорддук — 8 млрд 484 млн сомду түздү.

Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 миллиард сом бөлгөн. 2021-жылы банк системасынын туруктуулугун кармоо, төлөм системасын өнүктүрүү жана банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу пландалууда.

Президент Садыр Жапаров тышкы экономиканын таасирлеринен улуттук экономикага болгон тобокелдиктерди азайтуу чараларын көрүүгө чакырды. Ошондой эле улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөөнү талап кылды.

Copyright © 2017 Maral FM