Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрин жамаатына тааныштырды

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 415 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына вице-премьер-министр — экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө министрликтин негизги милдеттерин белгилеп, туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Учурда Экономика жана финансы министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кеп бардык социалдык милдеттенмелерди, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, экономиканы турукташтыруу боюнча ыкчам антикризистик чараларды кабыл алуу иштери тууралуу болуп жатат», — деди Улукбек Марипов.

Белгилей кетсек, кечээ 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлиги, анын программасы, Өкмөттүн өзгөргөн түзүмү, курамы талкууланып, депутаттар көпчүлүк добуш менен колдоп беришкен. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров «Өкмөттүн жаңы курамын бекитүү жөнүндө» жарлык чыгарып, шайланган жана бекитилген аткаруу бийлигинин өкүлдөрү ант беришкен. Ага ылайык, Улукбек Карымшаков вице-премьер-министр — экономика жана финансы министри болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM