Connect with us

Экономисттер: Өкмөттүн элге жакын антикризистик программа жазышы кыйын

Экономика | 4 Фев 2021 | 1601 | 0

Президент Садыр Жапаров 3-февралда жаңы Өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү. Анда Жапаров кыска мөөнөттө Өкмөттүн антикризистик программасын, ишкерлерге жана инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын укуктарын коргоону күчөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууну ташырды. Өкмөт бүгүнкү күндүн биринчи кезектеги маселелерин ыкчам чечүү үчүн кандай чараларды кабыл алып, эмнелерге көңүл бурушу зарыл? Антикризистик программа түзүүдө эмнелерди эске алуу керек? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

2020-жылы дүйнөнү каптаган пандемия жана 5-6-октябрдагы окуялар өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске кептеди. Президенттик шайлоо жана референдум өтүп, өлкөдөгү саясий кризис аяктаганы менен, экономикалык кризис дале негизги көйгөй бойдон калууда.

Экономикалык кризистен чыгууда биринчи кезекте чек араларды ачуу, ишкерлерге болгон ашыкча текшерүүлөрдү токтотуу жана жеке сектор 10 жылдап сунуштап келген мыйзамдарды кабыл алуу каралышы керек. Мамлекет бизнеске шарт түзүп, жолго салып койсо, экономика өзүнөн-өзү иштей берет. Мындай пикирин экономист Темирбек Ажыкулов билдирди.

«Бизде тилекке каршы, экономиканы көтөрүү үчүн деп том жазышат.  Кайра эле «мамлекеттик органдар мындай кылсын, мамлекеттик органдар тигиндей кылсын» деп, мамлекет баарын мойнуна алып, «экономиканы да, бюджетти да биз оңдошубуз керек» дешет. Биз канча түшүндүрдүк: «Экономика өзүнөн-өзү иштей берет. Ошону жөнгө салып, жеке секторго шарт түзүп, көзөмөлдөп жана коргоп берсеңер жетет», — деп айтып келе жатабыз». 

Эгерде былтыркы сценарийди кайталасак, экономикага болгон зыян быйыл андан да катуу тийиши мүмкүн. Мындан улам азыркы жагдайды эске алып, коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчаны жаңы товарды өндүрүүгө багытталган, жок дегенде бир-эки долбоорду ишке ашырууга салуу керектигин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу белгиледи.

Мамлекет каржылык жана уюштуруу жагын колдоого алган долбоорлорду иштеп чыгуусу керек. Бирок ал канчалык чоңойгон сайын, өндүрүш жагынан жок дегенде Орто Азияда атаандаштыгы жок товар же кызмат болушу керек. Андай долбоорлор бар, ишке ашырса болот. Биринчи иретте ошого көңүл бурулушу шарт. Андан кийин экономиканын уюштуруу жагын колго алуу керек. Бул деген — документ алуу жолдору. Орто бизнестегилер бир жерден бардык документ иштерин бүтүрүп кеткидей болушу керек. Ошондо гана орто жана чакан бизнес өзүнүн активдүүлүгүн жогорулата алат. 

Адилбек уулу билдиргендей, мындан тышкары экономикадагы тейлөө функцияларын иретке салып, чакан жана орто бизнестин товарларын элге жеткирип, ички рынокту канааттандыруусу зарыл. Ошондой эле экспорттоого болгон мамилени да өзгөртүп, өндүрүлгөн товарларды башка өлкөлөргө сатуу үчүн кредитке берүү механизмдерин иштеп чыгуусу керек.

Мындан сырткары ал антикризистик иш-чаралар дегенде сөзсүз эле чоң суммаларды ойлонбой, уюштуруу, тейлөө механизмдерин өзгөртүү боюнча жаңыча сунуштарды да карап, ишкерлик тармагындагы реалдуу муктаждыктарды эске алуу керектигин кошумчалады.

Азыр антикризистик программа жаза турган убакыт да да жоктугун айткан Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Өкмөт 100гө жакын милдеттемелерин өзүнүн ар бир мүчөсүнө конкреттүү бөлүп, акчанын булактарын жана убакытты белгилеп, ишке ашыруусу керек деп эсептейт.

Анын пикиринде, экономикадагы жумушчу орундардын баарын тактап чыгып, аны сактап калуу менен бирге экономиканы жандандыруу керек.

Эми бүт экономиканы жандандыруу кыйын. Айлык акы, жөлөк пул, пенсияны көтөрмөйүнчө, насыяларды бермейинче, экономика жанданбайт. Ошондуктан фискализациянын киреше жагын жүргүзүү керек. Анан акчанын экономикадагы көлөмүн Улуттук банк менен кескин түрдө көтөрүү керек. Мурун Улуттук банк: «Биз акча чыгарсак, баары инфляцияга кетет. Экинчиден, доллар эле сатып алат, андан башка товар жок. Акча каякка кеткенин Өкмөт көзөмөлгө албайсыңар», — деген аргументти айтчу эле. Азыр санариптешүү менен программаларды иштеп чыгып, акчанын көлөмүн көбөйткөнгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Мына ушундай жөнөкөй, элге түшүнүктүү кечиктирилгис чараларды ишке ашыра берүү керек. Бул жылы да саясат менен алек боло берсек, анда экономика «эсил кайран» кетет.

Ал эми экономист Улукбек Кыдырбаев антикризистик программа иштеп чыгууда, биринчи кезекте өлкөнү кризиске алып келген жагдайлары аныктоо керек деген ойдо. Сатуу, өндүрүү, экспорт-импорт кылууда кайсы маселелер ишкердикке тоскоолдук кылат? Ушуларды карап чыгуу керек.

Баягыдай декларативдүү чоң сөздөр айтылбасын. Элге, ишкерлерге жакын түшүнүктүү маселелер болсун. Мисалы, ишкерлерди текшерүү маселеси. Албетте, бардык ишкерлер таза иштейт деп айта албайм. Бирок, таза иштебегендердин арасына жакшыларды кошпоо үчүн, кайсы аракеттерди кылсак болот, ошону ойлонуу керек. Мисалы, былтыр жана мурдагы жылы соттордун 90% чечими ишкерлерге каршы болду. Бул жерде ишкерлер соттон адилеттик күтө албайт.  Мындан сырткары жаңы иш ачуу үчүн ишкерлерге оор шарттар түзүлгөн. Жарандын жашоосун кыйындаткан процедуралар киргизилген. Мындай кыйынчылыктар жарандарды паракорчулукка түртөт. Ошондуктан өкмөт реформа жасайм десе, бул ишкерлерге багытталган иш болсо, анда негизги маселелерди ишкерлерден суроо керек.

Эске салсак, Кыргызстанда Өкмөт башчылыкка келген ар бир чиновник өлкөнү кризистен чыгаруу жолун иштеп чыгат. Бирок, программалары натыйжа бергени байкалбай келет.

Copyright © 2017 Maral FM