Биз менен байланышыңыз

Түркияда 196 адамдан коронавирустун «британ штаммы» аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 659 | 0

Түркияда коронавирустун мутацияланган түрү — «британ штаммына» чалдыккандардын саны 196га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттер баракчасына жазды.

«Өлкөбүздө вирустун «британ штаммына» чалдыккандар 196га жетти. Мындан тышкары 2 адамдан Түштүк Африкада табылган түрү, 1 адамдан Бразилияда табылган түрү аныкталды», — деп жазды министр.

Ошондой эле өлкө калкын сактанууга, коопсуздукту күчөтүүгө чакырып, күрөш тынымсыз улана берерин билдирди.

Түркияда акыркы суткада алынган маалымат боюнча, 8 102 адам коронавируска чалдыгып, 117 адам каза тапкан. Пандемия башталгандан бери бул дартка чалдыккандардын саны 2 млн 300 миң адамдан ашып, 26 миң 354 бейтап көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM