Биз менен байланышыңыз

Уганда: Жол кырсыгынан 32 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 671 | 0

Уганданын батыш тарабында болгон жол кырсыгынан 32 адам каза болду. Бул тууралуу эл аралык басыламалар жазды.

«Оңдоо иштери жүрүп жаткан чоң трассада катуу ылдамдыкта келаткан 5 машина кагышып, 32 адам жеринде каза болгон. Дагы бешөө оор жаракат алган», — деди Кызыл крест уюмунун Угандадагы өкүлү Иран Накасита.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгы жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калгандан улам келип чыккан.

Полиция кырсыкты изилдөө ишине киришти. Жергиликтүү тургундар оңдоо иштери жүрүп жаткан белгини койбогондугу үчүн оңдоочу компаниянын үстүнөн арыз менен кайрылышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM