Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан — кедей эмес, тонолгон өлкө»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Фев 2021 | 557 | 0

Кыргызстан кедей эмес, тонолгон өлкө. Мындай пикирин Экономика илимдеринин доктору, профессор Рустам Азисбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан тышкы карыздарды төлөөнүн максималдуу чегине жакындап жатат. Өкмөт каражатты кайдан аларын пландашы зарыл. Анткени өлкөнүн карызы коркунучтуу чекте турат.

Ал эми Экономика илимдеринин доктору, профессор Виктор Савиндин пикиринде, өнүгүү үчүн каражат керек.

«Кытайдын карызына бир топ долбоорлорду ишке ашырдык. Маселен, быйыл ЖЭБдин ишинде маселе жаралган жок. Каражатты коңшу өлкө болобу, башка уюм болобу, кайдан алганыбыз маселе эмес. Алган акчаны эффективдүү пайдалана билүү маанилүү», — дейт Савин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM