Биз менен байланышыңыз

Жефф Безос «Amazonдун» жетекчилигинен кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 349 | 0

Жефф Безос 27 жыл мурда өзү түзгөн «Амазон» компаниясынын башкы директору кызматынан кетет. Анын айтымында, мындан ары башка иштер менен алектенүүгө убакыт табылат.

Дүйнөнүн эң бай адамы Безос ордун компаниянын эсептөө бөлүмүн жетектеген Энди Жассиге бошотуп берет. Директорлукту тапшырууну 2021-жылдын экинчи жарымында ишке ашыруу күтүлүүдө.

Безос «Amazonду» 1994-жылы онлайн китеп дүкөнү катары негиздеген. Бул аралыкта компания болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Бүгүнкү күндө компаниянын дүйнө боюнча 1 млн 300 кызматкери бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM