2021-жылдын январь айында Президенттин аппаратына 451 жарандан кайрылуу түшкөн.
Анын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынын кайрылуусу болгон. Андан кийин Чүй облусу, Ош облусу, Ош шаары, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Талас облустарынан келген. Ошондой эле КМШ жана башка өлкөлөрдөн келген даттануулар да бар.
Кайрылуулар негизинен 6 багытта болгон:
- Соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча — 149;
- Мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 57;
- Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча — 24;
- Турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер тилкелерин бөлүштүрүп берүү боюнча — 20;
- Социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, жөлөк пул, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 18;
- Насыяларды жоюу жана мөөнөтүн узартуу, насыя берүү жана ссудаларды бөлүү тууралуу — 12.
Ал эми калган кайрылууларда социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.
Президенттин расмий веб-сайтына өлкөнүн бардык аймактарынан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден 107 электрондук кайрылуу келип түштү.