Өзбекстанда кезектеги президенттик шайлоо мыйзамга ылайык 2021-жылдын 24-октябрында өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Акмаль Саидов билдиргенин «ТАСС» агенттиги жазды.
Саидов бул мыйзамды 5-февралда мыйзам чыгаруу палатасы бекитерин маалымдаган.
Буга чейинки президенттик шайлоо тунгуч президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 2016-жылдын 4-декабрында мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн. Ага 4 талапкер катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Шавкат Мирзиёев 88,61% добуш менен жеңип чыккан.
Өзбекстанда президенттик кызматтын мөөнөтү — 5 жыл.