Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы коронавирус боюнча соңку кырдаал

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 492 | 0

Акыркы сутканын ичинде Орусияда дагы 17 648 адамдан коронавирус тастыкталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Пандемия башталгандан бери Орусияда жалпы 3 868 087 адамдан коронавирус аныкталган.

Соңку суткада 437 адам коронавирустан көз жумду. Алардын ичинен 61 адам Москва шаарында, 53 адам Санкт-Петербургда болчу.

Пандемия башталгандан бери Орусияда жалпы 73 619 адам коронавирустан каза болду.

Жалпы 3,8 млн адамдан коронавирус аныкталып, алардын ичинен 3,3 млн адам айыкты.

Учурда 631 175 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM