Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаайт, Ош, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +8…+10.