Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда катаал карантин дагы 2 жумага узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 495 | 0

Түштүк Корея Өкмөтү коронавирустун жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу катаал карантин чараларын 14-февралга чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министри Кан Дэ Хо вирус жуктурган учурлар көбөйсө, өлкөнү пандемиянын кезектеги толкуну капташы мүмкүн экенин белгилейт.

Сеул, Кёнгидо провинцияларында жана Инчхон шаарында 4 кишиден ашык чогулууга тыюу салынууда. Ресторан жана тамаш-аш жайлары 21:00гө чейин иштейт. Түнкү клубдар менен барлар убактылуу жабылган.

Соңку суткада Түштүк Кореяда 305 адамдан вирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери коронавируска кабылгандардын саны 78 миңден ашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM