Биз менен байланышыңыз

1-июнга чейин адамдын руханий өнүгүүсүнө багытталган концепция иштелип чыгат

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 604 | 0

Президент Садыр Жапаров «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Анын максаты — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү болуп саналат.

Документтин алкагында, жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында өкмөткө сунуштар киргизилди.

Коомчулуктун, маданият, илим жана билим берүү ишмерлеринин катышуусунда 1-июнга чейин «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепция иштелип чыгат.

Концепцияны иштеп чыгууда төмөнкү принциптер эске алынышы керек:

-турмуштук жүрүш-турушта руханий, адеп-ахлактык жүйөнүн материалдык кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы;

-жеке кызыкчылыкка караганда мамлекеттик кызыкчылыктардын артыкчылыгы;

-мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызмат адамдарынын чечимдеринде, аракеттеринде калыстык принциби сакталышы керек;

-тарбиячылардын, мугалимдердин, врачтардын жана аскер кызматчыларынын статусунун барктуулугу;

-патриоттуулук, каармандык, мамлекеттик жана муниципалдык бардык кызматтын элге, мекенге берилгендик менен кызмат кылуусу эске алынышы керек.

Жарлык тууралуу кенериээк маалыматты бул шилтемеден окуңуз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM