Биз менен байланышыңыз

Бишкекте активисттер кайрадан митингге чыкты

Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 1362 | 0

Бүгүн, 31-январда «Мыйзамдуулук үчүн» тынчтык жүрүшү кайрадан өттү. Бул тууралуу митингдин катышуучулары социалдык тармактагы баракчаларына жарыялады.

Тынчтык жүрүшүнө 20га жакын адам катышкан. «Садыр ава, Путин болбо!», Конституцияны көрсөт!» деген сыяктуу плакаттарды көтөргөн жарандык активисттер салт болуп калгандай Темир жол вокзалына чогулуп, андан соң Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына чейин келишти.

Белгилей кетсек, «Баштан башта» кыймылы демилгелеген бул тынчтык жүрүшү 2020-жылдын 22-ноябрынан бери ар жекшемби сайын өтүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM