Биз менен байланышыңыз

АКШ Капитолийдин айланасына тосмо орнотууну каалайт

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 613 | 0

АКШ коопсуздук күчтөрү Капитолийге уруксатсыз кирүүнү чектөөгө чакырып жатышат.

«Euronews» билдиргендей, Капитолий полициясынын милдетин аткаруучу Йогананда Питтман парламентарийлердин коопсуздугу үчүн тосмо орнотуу керектигин айтты.

Буга шаардык кеңештин депутаттары жана айрым конгрессмендер каршы. Алар Конгресстин имараты элге таандык экендигин жана ар кимге ачык болушу керектигин баса белгилешти.

Капитолийдин айланасына убактылуу темир тосмолор орнотулду. Тагыраагы,  тосмолор Трамптын миңдеген жактоочулары Конгресстин имаратын курчоого алышканда, кордонду бузуп, айрымдары ичкери кирип кетишкенден кийин орнотулган. Расмий маалыматтар боюнча, нааразы болгон төрт адам жана Капитолий полициясынын кызматкери каза тапкан.

АКШнын жаңы президенти Джо Байден кол салуунун катышуучуларын «ички террористтер» деп атады. Бул окуялар федералдык деңгээлде да, Колумбия округундагы дагы бир катар кылмыш иштеринин негизин түздү. Жүздөгөн шектүүлөр кармалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM