Биз менен байланышыңыз

Орусияда Навальныйды колдогон митингдер өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 288 | 0

Бүгүн, 31-январда Орусиянын шаарларында оппозиционер Алексей Навальныйды колдогон митингдер өтүп жатат.

Алгачкы жүрүштөр өлкөнүн чыгышынан башталды. Владивостокто массалык жөө жүрүштөргө даярдыктар көрүлүүдө. Мындан улам укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.

«ОМОН жер алдындагы өтмөктөрдүн кире беришинде нааразычылык акциясына чыккандарды күтүп жатат», — деп жазышууда Навальныйдын тарапташтары социалдык тармактарда.

Хабаровск шаарында ондогон адам көчөгө чыкты, ичинен бир адамды полиция кармап кетти.

Буга чейин полиция 200гө жакын адам митинг өткөрүп жаткан Иркутск шаарындагы Урицкий көчөсүн жаап салган. Учурда да ал жерди күч органдары кайтарууга алып турушат.

Якутск шаарында өткөн митингде окуяны чагылдырган журналисттер менен кырдаалды көзөмөлдөгөн полиция кызматкерлери нааразычылыкка чыккан адамдардан да көп экени кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM