Биз менен байланышыңыз

ДССУ: «Nipah» вирусу жаңы пандемия жаратышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 270 | 0

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму «Nipah» же «NiV» вирусунан улам жаңы пандемия жаралышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.

«Nipah» вирусу алгач 1999-жылы Малайзияда Нипах дарыясынын жээгин жердеген чочко багуучулардан аныкталган. Андан бери Түштүк Азиянын 12 өлкөсүнө жайылган.

«NiV» өлүмдүн көрсөткүчү 40-75%ды түзүп, вирус өтө тез жайылып кеткен. Бул илдет симптомсуз өтүп, көпчүлүк учурда өлүмгө алып келет. Ага каршы азырынча эч кандай даба табыла элек

Вирустун табигый алып жүрүүчүлөрү — чочколор жана жарганаттын түлкү сымал деп аталган жырткыч түрү болуп эсептелет. Башка мал-жандыктардан жуккан учуру каттала элек.

Илимпоздордун айтымында, вирус бейтаптарга чочколордон, ошондой эле түлкү сымалдар булгаган мөмө-жемиштерди жегенден жуккан. Мындан улам ДССУ курма сыяктуу мөмө-жемиштерге түлкү сымалдарды жолотпоону, курманы кайнатып, ширесин гана ичүүнү, мөмө-жемиштерди таза жууп, кабыгын аарчып жегенди сунуш кылат.

Мындан тышкары вирустун адамдан адамга жугуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн бейтаптар менен физикалык карым-катнаштан алыс болууга, колду дайыма жууп турууга, жеке коргонуу каражаттарын колдонууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM