Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусиянын ички саясатына кийлигишпей тургандыгын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 249 | 0

Америка Кошмо Штаттары Орусиядагы ички саясий тирештерге кийлигишпейт жана бир да партиянын же бир да адамдын колдоочусу болбойт. Бул тууралуу АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливан билдирди.

Анын айтымында, элчиликтин башкы милдети — Орусиядагы америкалыктарды коргоо жана эл аралык келишимдердеги милдеттенмелерди аткаруу.

«Мен бир да орус жаранына кайсы лидерди колдошу керектигин айта албайм. Бул — менин бизнесим эмес. Биз Орусиянын ички саясий дебаттарына кийлигишпейбиз. Ал — орустардын бизнеси. Биз демократияны, адам укуктарын жактайбыз. Бирок бул — белгилүү бир партиянын же белгилүү бир адамдын талапкерлигин колдоо дегенди билдирбейт», — деди АКШнын Орусиядагы элчиси.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШны өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM