Биз менен байланышыңыз

ДССУнун эксперттери Ухандагы ооруканаларды текшере баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 238 | 0

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун эксперттери Кытайдын Ухань шаарындагы медициналык мекемелерди текшере баштады.

Эки жумалык карантинден кийин ооруканага келишти, расмий маалымат боюнча алар коронавирус жугузуп алган алгачкы бейтаптар менен да маектешүү жүргүзөт.

«Бул — коронавируска каршы күрөштүн эң оор учурларында иштеген дарыгерлер менен түздөн-түз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», — деди британиялык вирусолог жана көзөмөл топтун мүчөлөрүнүн бири Питер Дашак.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун адистери Кытайга болгон иш сапарында коронавирус пандемиясынын башталышы жөнүндө маалымат чогултуп, отчет даярдашат. Пекин коронавирустун жайылышы боюнча чыныгы маалыматты жашырган деп айыпталып, ДССУнун делегациясын кабыл алууга макул болгон.

ДССУнун эксперттеринин биринчи тобу Кытайга 2020-жылы келген. Алар вирус жарганаттардан адамдарга жугушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен, бирок инфекциянын бул булагы божомол бойдон калган.

Дагы бир топ июль айында келиши керек болчу, бирок өлкөгө эки гана адис алынып келген. Алар Уханга барышкан эмес жана кийинки миссия сапарына даярдыктын масштабын изилдөө менен гана чектелип калышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM