Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдаган.
Ысык-Көл ОИИБдин уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Ысык-Көл району боюнча УКМКнын кызматкерлери менен бирдикте алдамчылыкка шектелген 24 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын Э.Э аттуу тургунун кармады. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турат.
Белгилеп кетсек, сентябрь айында Ысык-Көл РИИБге 36 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылып, март айында өзүн «Замир» деп таныштырган белгисиз адам ага «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын саткан. Кийин аталган автоунаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырланган адамга материалдык чыгым келтирилген.
Бул факты Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Учурда кылмышка шектүү адам райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди.