Биз менен байланышыңыз

Равшанбек Сабиров ЕБ өкүлү Петер Буриан менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 345 | 0

Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландар жана Кыргызстан менен Евробиримдиги ортосундагы кызматташтыктын башка маселелери талкууланды.

Сабиров Кыргызстан Бишкек шаарында өкмөт башчылар деңгээлиндеги «Европа биримдиги – Борбор Азия» Алгачкы экономикалык форумун өткөрүү демилгесине өзгөчө маани берерин айтты.

Ошондой эле аймактагы интеграциялык процесстерди күчтөндүргөн суу ресурстары боюнча трансчекаралык долбоорлорго басым жасарын кошумчалады.

«Биз Борбор Азиядагы суу-энергетикалык баланска өзгөчө маани беребиз. Тандалып алынган аймактык долбоорлор аймак өлкөлөрүндө имплементациядан өтүшү керек. Биз экономикалык форумга даярдыкты баштадык, форумду өткөрүү жана ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Мамлекеттик органдарга трансчекаралык мүнөздөгү долбоорлорду даярдап, кароого киргизүүсү жана аны Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өз визавилери менен талкуулоосу тапшырылды», — деп кошумчалады вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Петер Буриан мындан ары мыйзам, укук үстөмдүгү, ошондой эле актуалдуу темалар саналган адам ресурстары, тарбия, билим берүү, ченемдик кадамдар жана иликтөөлөр жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү тармагындагы кадрларды даярдоо, гендердик теңчилик багытында иштешүүнү сунуштап өттү.

Президент Садыр Жапаровдун тышкы эмгек миграциясын жоюу максатында жарандар үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүү зарылдыгы тууралуу сөзүнө таянуу менен, Буриан өлкө президенти тарабынан айтылган келечек пландардын ийгиликтүү ишке ашырылышына ишенимин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM