2021-жылга карата республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календардык планы бекитилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет.

Бул календардык пландар дүйнө, Азия чемпионаттарында жана эл аралык мелдештерде Кыргызстандагы спорттун түрлөрү боюнча курама командаларынын спорттук чеберчилигин өстүрүү жана ийгиликтүү катышууларын камсыз кылуу максатында бекитилди.

2021-жылга карата республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календардык планын шилтеме аркылуу жүктөсөңүздөр болот.