Connect with us

УКМКнын төрагасы Анаркуловдун кармалышы боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 807 | 0

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча пикирин билдирди.

Камчыбек Ташиев өз билдирүүсүндө Анаркулов менен көп жылдан бери тааныш экенин, экөөнөнүн жакын мамилеси иштин иликтенишине таасир этпей турганын айткан.

«Ишибизге байланыштуу бир нече ирет жолубуз бириккен, башыбыздан көп нерселер өткөн. Аны жакшы жагынан гана билем. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Анаркуловдукызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылды” деген шек менен кармады. Бул сыяктуу мыйзамсыз аракеттер элдин бийликке болгон ишенимин кетирип, кадырын түшүрөт», дейт Ташиев.

Мекеменин төрагасы, Анаркуловдун күнөөсү далилдене турган болсо, мыйзам алдында жооп берерин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, бүгүн президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM