Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Нуржигит Кадырбеков Эл аралык «ТҮРКСОЙ» түрк маданияты уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды. Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстанда бир катар иш-чараларды өткөрүүнү караган 2021-жылга карата иш-чаралар планын талкуулашкан.
«Опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы, кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы, жазуучу, котормочу Мукагали Макатаевдин 90 жылдыгы сыяктуу мааракелик иш- чараларга маани берилди», — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде министр театрлардын жетекчилиги жогорудагы даталарды өткөрүүгө көмөктөшүүгө жана катышууга толук даяр экендигин кошумчалаган.
Ошондой эле, министр мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирген.