Биз менен байланышыңыз

БатМУга жаңы ректор шайланды

Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 711 | 0

Бүгүн, 29-январда Баткен мамлекеттик университетине жаңы ректорду шайлоо эки тур менен өттү. Анда ректорлукка Сүлүктү шаарынан Абдималик Машрабов, Кызыл-Кыядан Айдар Гыязов жана Абдижамин Кошуев талапкер болушту.

Айдар Гыязов 2-турда жалпы жамааттын 140 добушун алып, ректорлукка шайланды. Эми Билим берүү жана илим министри шайлоонун жыйынтыгын таанып, Айдар Гыязовду кызматка бекитүү боюнча буйрук чыгаргандан кийин, жаңы ректор өз ишине расмий киришет.

Баткен мамлекеттик университетинин учурдагы ректору Абдивап Зулпуев. Ал окуу жайды 2016-жылдан бери жетектеп келди.

БатМУда 5 миңден ашык студент бар. Окутуучулардын саны – 167. Университетке караштуу кесиптик орто билим берүү багыттары боюнча 1 771 студент билим алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM