Биз менен байланышыңыз

Түркиядан келе жатып Алматыда калган жүргүнчүлөр Бишкекке бүгүн түндө кайтат

Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 1005 | 0

Бүгүн, 29-январда Түркиянын Стамбул шаарынан Бишкекке келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Казакстандын Алматы шаарына конду.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аталган учак Алматыдан Бишкекке 30-январга караган түнү саат 00:45те учуусу күтүлүүдө.

Маалыматтарга караганда, Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учактын жүргүнчүлөрү тамак-аш жана мейманкана менен камсыз болгон.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган.

Бүгүн жергиликтүү маалымат булактары Түркиядан Кыргызстанга учуп келе жаткан учак тумандан улам «Манас» аэропортуна коно албай калганын жазышкан.

Copyright © 2017 Maral FM