Бишкек шаары боюнча 101 мектептин ар бирине бирден кайгуул кызматкери бекитилип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Милициянын кайгуул кызматкерлери 18-январдан тарта 1-5-9-11-класстардын окуучулары мектепке бара баштагандыктан алар менен жолугуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
29-январда кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарындагы №43 толук эмес орто мектепте, №70 жана №1 гимназия-интернатында окуучулар менен жолугушуу өткөрдү.
Анда окуучулар үйдөн чыккандан тарта, мектепке келип кеткенге чейинки аралыкта өзүнүн коопсуздугун кантип сакташы керек, жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу айтып беришти.