Биз менен байланышыңыз

Статком: Кыргызстанда күйүүчү майдын баалары төмөндөдү

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 1053 | 0

Улуттук статистикалык комитет күйүүчү майлардын баасы тууралуу маалымат берди. АИ-92 бензинине жана дизелдик күйүүчү майына карата орточо керектөө бааларынын талдоосу өлкөнүн 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин негизинде берилген.

Бензин боюнча:

27-январга карата АИ-92 бензининин орточо керектөө баалары өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу орто эсеп менен 3,45 сомго, же 8,6 пайызга төмөндөдү. Ал эми дизелдик күйүүчү май 7,62 сомго, же 17 пайызга арзандады.

Ошол эле учурда, Исфана шаарында АИ-92 бензининин бир литри — 40,00 сом;

Баткен шаарында 39,67 сом;

Ноокат шаарында 38,50 сом деп катталды. Бул жогору болгон баалар.

Ал эми минималдуу чекене баалар — Каракол шаарында (бир литри — 35,25 сом);

Балыкчы шаарында (бир литри — 35,10 сом);

Покровка айылында (бир литри — 34,50 сом) болгон.

Дизель майы:

Дизелдик күйүүчү майынын эң жогорку баалары Баткендин Исфана шаарында (бир литри — 40,00 сом);

Баткен шаарында (бир литри — 39,67 сом);

Ноокат шаарында (бир литри – 38,40 сом) катталган.

Ал эми  эң төмөнкү баалар Токмок (бир литри — 35,20 сом);

Кара-Балта (бир литри — 35,17 сом);

Балыкчы (бир литри — 35,16 сом) шаарларында болгон.

Өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу АИ-92 бензини Кербен шаарында 4,89 сомго, Чаек айылында 4 сомго, Өзгөн шаарында 3,96 сомго төмөндөгөн.

Дизелдик  күйүүчү майга болгон баа Караколдо 8,57 сомго, Балыкчыда 8,21 сомго жана Бишкекте 8,07 сомго арзандаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM