Биз менен байланышыңыз

«Садырды бийликке биз алып келгенбиз!» Аксакалдар тобу филармонияга кирүүгө аракет кылды

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 9201 | 2

Бүгүн, 28-январда шайланган президент Садыр Жапаровдун кызматка расмий киришүү үчүн ант берүү аземи өтүп жатат. Ал арада жеринен кабарчыбыз аймактардан, жер-жерлерден келген айрым адамдар азем өтүүчү жайга киргизүүнү талап кылып жатышканын кабарлады.

Коопсуздукту көзөмөлдөгөн күч органдары менен сырттагы элдин ортосунда нааразылык жагдай жаралып, аксакалдар: «Садыр Жапаровду кызматка биз алып келгенбиз. Филармонияга биз да киришибиз керек, жолду ачкыла!» — деген талап койгон.

Маалым болгондой, нааразы топтун атайын чакыруусу болбогон. Андыктан күч органдары ичкери кирүүгө уруксат берген эмес.

Буга чейин Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнтбек Касмамбетов ант берүү аземине атайын чакыруу менен гана кирүүгө болорун, келген коноктордун 70%ын карапайым эл түзөрүн маалымдаган. Андан сырткары бардык катышуучулар ПЧР-тест тапшырууга милдеттүү болгон.

2 пикир

2 пикир

  1. Алыпберди

    28.01.2021 20:44

    Эл мал деп бекринен айтпайт.Эмнени айтсан ишене беришет.Ант беруу аземине каалагандар катыша алат десе эле бара бересинерби? Силерди эч ким киргизбейт.Шордуулар эмне жок силерге ал жерде тандалмалар олтурат.Садыр эле эмес эн демакратичный президент шайланса ошондой болот.Уйунордо эле олтубайт беленер суукта.Эх шоорду кыргыз.

  2. Көк сакал

    29.01.2021 15:23

    Люстрация, ал жерде аксакалдарга орун жок.Ал жерде шайлоодо буту бутуна тийбей чуркагандар отурат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM