Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимовдун иши сотко өткөрүлдү

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 411 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун өндүрүшүндө Матраимовго карата коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иши каралууда. Алгачкы сот отуруму 3-февралда өтөт.

Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2020-жылы 20-октябрда кармалган. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деген айып тагылган.

Матраимов коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд сом сом төлөп берерин билдирген. Анын 80 млн сомун алдын ала которгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Матраимов бюджетке келтирген зыян толук өндүрүлгөнүн кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM