Биз менен байланышыңыз

Этникалык кыргыздарды элге аралаштыруу үчүн атайын программа зарыл

Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 506 | 0

Этникалык кыргыздардын Кыргызстанга көчүп келгенине бир нече жыл өтсө да, интеграциялык көйгөйлөрү жоюлбай, жергиликтүү калк менен аралашууда тоскоолдуктар жаралып келет.

Жергиликтүү айыл өкмөттөрдө бул жаатта атайын программа иштелип чыккан эмес. Көйгөй айрыкча, пандемия маалында өзгөчө байкалган. Бул тууралуу Европа Биримдигинин колдоосу менен «Марал» телерадио компаниясы уюштурган атайын иш-чарада айтылды.

Иш-чаранын алкагында дарыгер Абдиашым Ташмаматов жана юрист Сапарали Үсөнов акысыз медициналык, юридикалык кеңештерин берди.

«Документ жактан чечилбей жаткан аябай көп көйгөйлөрү бар экен. Эми бул жерде күнөөлүүнү издештин деле кереги жок. Бир чети өздөрү да укугун толук колдоно алышпайт да, билбегендиги үчүн… Мамлекеттик система да бүгүнкү күндө алардын көйгөйүн толугу менен чечип бербей жатат десек болот», — деди Сапарали Үсөнов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM